Ош шаарында окуучу кыз изделүүдө

Ош шаарынын Салиева кѳчѳсүнүн 13 жаштагы Аяна Кочкорбаева атуу окуучу кыз дайынсыз болгондуктан изделип жатат. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан маалымдашты. 

Маалыматка караганда, Окуучу кыз ушул жылдын 25-октябрь күнү саат 12:00 чамасында Ош шаарынын Райымбекова кѳчѳсүндѳ жайгашкан №7 Нариман орто мектептен чыгып кеткен бойдон дайынсыз бойдон жок болууда.

Белгилери: боюнун узундугу 150-155 см, дене түзүлүшү орто, кара тору жүздүү, кара каш, чачы узун, кара түстѳ.

Кийген кийимдери: үстүндѳ агыш түстѳ хиджаб, кызымтыл түстѳ желет, ак түстѳ кофта, боз түстѳгү юбка, бутунда кызымтыл түстѳгү кроссовка.

Эгерде жогорудагы катталган окуя боюнча кандайдыр бир кабар болсо Ош ШИИБнын КМКна тѳмѳндѳгү (03222) 6-55-10, 8-55-11, 0772-41-41-70, 0705-25-52-77. телефондору аркылуу кабар берсеңиздер болот.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of