Саякат “синдрому” Депутаттар чет өлкөгө чеги менен барган

0

Жогорку Кеңештин аппараты парламент депутаттарынын саякаты тууралуу маалымат агенттиктеринин бирине чыккан макаладагы маалыматтарды төгүндөдү.

Буга чейин “24.kg” маалымат агенттиги “Кто из депутатов парламента любит ездить за границу за счет бюджета” деген аталыштагы макаланы жарыялаган.

Депутат Аида Касымалиева мамлекеттик бюджеттин эсебинен чет өлкөлөрдөгү иш сапарларга чыкканга караманча-каршы экенин билдирди.

“Биринчи кезекте чет өлкө чакырган иш-чаранын биздин өлкө үчүн пайдасы барбы, жокпу ушул жагын карайбыз. Өткөн айда эле төрт иш сапардан чакыргандардын эсебинен экенине карабай баш тарттым”,-деди эл өкүлү.

Парламенттин иш башкаруучусу Маратбек Матазимов берген расмий маалыматка ылайык, 2017-жылы депутаттардын иш сапарлары үчүн 18,1 млн. сом каралган. Бирок, депутаттардын чет өлкөдөгү иш сапарларына 17, 621 млн. сом иштетилип,  калган 492 миң сом кайра мамлекеттик казынага кайтарылган.

Буга чейин Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин жетекчилери чет өлкөгө премьер-министрдин уруксаты жок барганы, диппаспортторду мыйзамсыз колдонгондугу тууралуу маалыматты депутат Аида Касымалиев айтып чыккан. Эл өкүлү тиешелүү кызматтарга бул фактыны текшерүүнү тапшырган. Башкы прокуратура иликтөө жүргүзүп, министр. анын орун басарлары тогуз ай ичинде 26 ирет чет өлкөгө барганы аныкталган. Көп өтпөй министр Таалайгүл Исакунова жана орун басарлары кызматынан кеткен.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of