Убактылуу баш калкалоочу жайлар жарандарды кабыл алууга даяр

Жыл сайын баш калааада убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылып келет. Алар жарандарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматкери Калперизат Айдербекова “Калыс Медиага” билдирди. 

Быйыл убактылуу баш калкалоочу жайлар 1-ноябрдан тартып ачылат. Азыркы убакта жарандарды кабыл алууга толугу менен даяр. Баарыңыздарга белгилүү болгондой “Коломто” борбору жыл сайын иштеп келет. Андан тышкары калаанын 4 районунда дагы кошумча баш калкалоочу жайлар ачылат. Анда тамак-аш, тийишттүү шарттар дагы каралган”,-деди ал.

Маалым болгондой, Бишкекте өткөн жылы үй жайы жок жарандын саны 328ди түзгөн. Алардын дээрлик көпчүлүгүн 30 жаштын тегерегинде.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of