Учак «уламышы» 2. Дагы бир депутат учак сатып алалы дейт

0

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын бүгүнкү жыйынында ички каттам үчүн учак сатып алуу сунушун Каржы министри Адылбек Касымалиевге айтты.

Эл өкүлү эгерде Кыргызстан эки учак сатып алса, өзүн-өзү актаарын айтып, аны төмөнкү жүйөсү менен бекемдеди:

«Жол кырсыктары көбөйдү. Маселен, Баткенден борбор калаага унаа менен чыксаң, бир адамга 2 миң сом кетет. Кошумча жолдо тамак ичет. Учак менен келе турган болсо, 4 миң сом сарптайт. Андан көрө учак алып берели»,-деди.

Буга жооп катары Каржы министри Адылбек Касымалиев мамлекет өзү туз учак сатып алганга мыйзам жол бербестигин айтып, бюджеттик насыя катары каражат берсе болорун билдирди.

Төрөбаевдин берген маалыматына караганда өлкө ичинде бир жыл ичинде 1,3 млн. киши ички каттам менен учкан.

Буга чейин депутат Табылды Тиллаев президенттин учагынын эскилиги жеткенин, ага жаңы учак сатып берүү керектигин айтып чыккан эле.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of