Өзгөндөгү жаңжалды милиция териштирүүгө алды

Бүгүн, 26-октябрь күнү Өзгөн шаарындагы Бишкек-Өзгөн каттамы боюнча токтоочу жайдагы мушташ териштирилип жатканын Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, РИИБдин жетекчилигине Өзгөн районунун Көлдүк айыл аймагынын Көлдүк айылынын тургуну К.Н  аттуу аял киши арыз менен кайрылган. Анда бүгүн болжол менен саат 13:15 чамасында, аны Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан Бишкек-Ош автобекетинде белгисиз азиат улутундагы эки бала уруп денесине залал келтиргенин билдирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Бишкек-Ош автобекетинде Өзгөн районунун Көлдүк айылынын 1968-жылы туулган Б.Д.К аттуу тургуну жеке автоунаасына Бишкек шаарына  бир адам эки бачок бал алып жаткан учурда, ошол жерде Бишкек шаарына жүк ташыган Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылынын тургуну, 1963-жылы туулган М.А.К. менен жүк талашып урушуп кетишкен. Ошол учурда эки айдоочунун тең уулдары аталарына болушуп, ортодогу кер-мур айтышуу, жакалашуу мойнунан муунтууга чейин жеткен. Буларды бөлүштүргөнү келген айдоочулардын биринин аялы ортого түшүп ажыратууга аракет жасап жатканда балдардын бирөөсүнүн колу тийип денесинен жараат алган.

Натыйжада эки жаран денесинен жараат алып Өзгөн аймактык ооруканага кайрылган.

Окуя болгон жерге Өзгөн РИИБнүн ыкчам тергөө тобу жана Ош ОИИБнын милициянын кайгуул күзөт кызмат өзүнчө батальонунун  2-ротасынын кызматкерлери чыгышкан.

Топтолгон материалдар ушул эле күнү Өзгөн РИИБдин  кылмыш каттоо китебине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Шектүүлөр Өзгөн РИИБне алынып келинип тергөө иштери улантылууда.

Шектүү катары суралып жаткандар: Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын Кара-Дыйкан айылынын тургуну, 1963-жылы туулган М. А. К., Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын Кара-Дыйкан айылынын тургуну, 1989-жылы туулган А уулу Э., Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын Кара-Дыйкан айылынын тургуну, 1989-жылы туулган Т уулу К.

Соттук медициналык-экспертизанын кортундусунун жыйынтыгынан соң көрүлгөн чаралар боюнча кошумча маалымат берилерин Ош ОИИБнен кошумчалашты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика