Өзгөндө Бишкекке кетчү такси стоянкада мушташ чыкты. Видео

Бүгүн, 26-октябрь саат 11-12лер чамасында Өзгөн шаарындагы Бишкекке кетчү такси стоянкада мушташ чыгып, натыйжада бир таксист сабалып, анын баласынын бети башын талкалап салышкан. Дагы бир аялдын тишин сындыра урушкан. Бул тууралуу «Калыс Медиага» окуянын күбөлөрү билдирип, жеринен тартылган видеону жөнөтүштү.

Алардын айтымында, стоянкада 40-50 чамасындагы эки таксист кардар талашып урушуп кетишет. Биринчи таксисттин баласы (25-27 жаштар чамасында) экинчи таксистти уруп салат. Келтектелген айдоочу окуя болгон жерге баласын чакырат. Ал келип конфликтке аралашып, спортчу досторун чакырган.

Кара машине менен спорттук дене түзүлүштөгү 3 бала келип, биринчи таксисттин өзүн сабап, андан кийин баласынын бети-башына катуу залал келтришкен. Чырга аралашкан дагы бир аялдын тишин сындыра урушкан.

Жабыр тарткандар Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазганы кабарланууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика