Чимирилип бийлеген бийчилер, жерде жаткан желек. Гүлзат Мамытбектин ыры сынга кабылды

Жакында эле Гүлзат Мамытбектин “Кыргызым менин” аттуу ыры клиби менен Интернетке жарыяланган. Көп өтпөй бул чыгарманы Гүлзат Мамытбек атайын концерттик кечелерде бийчилер менен чогуу ырдап чыгып, тасмага тартып өздүк баракчасына жүктөгөн.

Соцтармактын колдонуучулары желектин жерде жатканын сынга алышып, бир катар пикирлерин калтырышууда. “Желек жерде жатат! Ыр бүткөндөн кийин, желекти жерге чубап сүйрөп кетти. Негизи желекти белден өйдө кармайт жана тууну аял киши көтөрбөйт!”,-деп жазат соцтармактын колдонуучулары.

Ал эми ырчы катачылык кеткенинин моюнуна алып, эмкисинде мындай алешемдике жол берилбей турганын билдирди.

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика