Муфтият Өзгөндөгү имамдын кармалышы боюнча жооп кайтарды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Өзгөндүн Жылалды айылынын тургуну, аталган айылдын имамы 37 жаштагы С. К. аттуу жаран 37.6 грамм марихуана баңги заты менен кармалды деген маалыматты четке кагат. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган жаран имам болуп айылда иштеген эмес.

Кармалган жаран Өзгөн районунун Жылалды айылында имам болуп иштебейт жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын структурасында буга чейин дагы иштеген эмес“,-деп билдирди муфтияттан.

Эске салсак, кечээ, 27-октябрда Ош облусттук ички иштер башкармалыгы баңги зат менен кармалган С.К. аттуу жаран Өзгөндүн Жылалды айылынын имамы экенин, ал убактылуу кармоочу жайына киргизилгени тууралуу маалымат тараткан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика