Анара Мамбеталиева кесиптешине турмушка чыкты

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева турмушка чыкты. 

“Кудайдын буйругу менен турмушка чыктым. Эки-үч күн келиндик милдетимди аткарып коюп келдим. Мен үчүн катуу стресстен кийин турмушка чыгып, жакшылыктар келип жатат. Азырынча түгөйүмдү ачыктабай турайын. Баары бир акыры билинет деңизчи, бирок айтып койчу жагдай, өзүбүздүн эле журналистика тармагында эмгектенет”, – деди Мамбеталиева.

Белгилей кетсек, Анара Мамбеталиева  өзү иштеген инспекциянын коррупциялык иштерин ачыктагандан кийин кызматтан алынганын айтып чыккан. Кийин бул боюнча президентке кайрылуу жасаган. Кийин жүргүзүлгөн иликтөө Мамбеталиева ээлеген кызматынан мыйзамсыз бошотулганын көрсөттү.

Мындан сырткары мекемелер аралык жумушчу комиссия инспекциядагы бир катар мыйзам бузуу фактыларын аныктаган.  Экотехинспекциянын директору Жолдошбек Жунушев Анара Мамбеталиеваны кызматтан бошотуу тууралуу буйрукту жокко чыгарып, 19-октябрдан тарта кайрадан мурдагы ордундагы кызматына барган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика