Атайын эсепке 7 миллион сомго жакын акча которулду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бирдиктүү депозиттик эсепке  6 млн 721 миң сом акча которду.

Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акчанын  жалпы суммасы 197 млн 413 миң сомду түздү.

Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин карамагында бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Бул эсепке Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги коррупционерлерден кайтарылган каражатты которушу керек.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of