Бишкекте изделип жаткан 70 жаштагы Жумабек Ороскулов табылды

Бишкекте дайынсыз болуп  жаткан 70 жаштагы Жумабек Ороскулов  табылды. Бул  тууралуу анын уулу Таалай Ороскулов социалдык тармак аркылуу билдирди.

“Атам өзүн жаман сезип, көчөлөрдүн биринде олтуруп калганда жолдон өтүп бара жаткан кайдыгер эмес  адамдар  жардам беришиптир. Бирок “Тез жардам” кызматын чакырган эмес экен. Атамды  кайрымдуулук уюмдарын бирине алып барышыптыр. Биз ошол жерден таптык”, – деп жазган Таалай Ороскулов.

Жумабек Ороскулов 26-октябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны издеген жакындары соцтармак колдонуучуларынан жардам сураган эле.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика