Үч айлык наристенин апасы изделүүдө

Үч баланын апасы, 32 жаштагы Гүлмира Ташпулатованы жакындары издеп жатат.

Ал 27-октябрь күнү болжол менен саат 15:00 -16:00 тегерегинде жоголгон.

Анын жолдошу Фейсбук социалдык баракчасына билдирүү калтырып, төрөттөн кийинки депрессия менен жабыркап жүргөнүн белгилеген.

Маалыматка караганда Гүлмира борбор калаанын Чоң-Арык районундагы Баха, Иманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жашаган үйүнөн чыккан боюнча келген эмес.

Учурда Гүлмиранын үч айлык наристеси бар. Эмчек эмгендиктен чыргоолонуп ыйлап жатканын жолдошу кошумчалаган.

Гүлмира үйдөн чыккан кезде жашыл түстөгү узун көйнөкчөн, башында сирень түстөгү майда гүлдүү жоолугу болгон.

Жогоруда сыпатталган аялды көргөндөр болсо, төмөнкү телефонго кабарлап коюуну өтүнөт.

0505 522272
0778 483852
0550 425251
0555 522272
0555 977676
102.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика