Индонезияда кулаган учактан эч ким аман калган жок

Джакартанын жанында деңизге кулаган учактан аман калгандар жок. Бул тууралуу Индонезиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук агенттигинин өкүлү билдирди.

Ушул кезге чейин Boeing 737 Max 8 учагында болгон алты адамдын сөөгү табылганы кабарланууда.

Авиакомпаниянын аткаруучу директору билдиргендей, учак кулаганга чейинки аткарган акыркы каттамда эле техникалык көйгөйлөр болгон. Бирок аны эрежеге ылайык оңдошкон экен.

Lion Air`дин ушундай эле дагы 11 самолету бар, алардын эч бири буга чейин техникалык мүчүлүштүктөргө бет келген эмес.  Андыктан калган Boeing 737 Max 8  учактарын каттамдан алып салуу маселеси каралган жок.

Кулаганга чейин экипаж учкан аэропотуна кайтуу боюнча кайрылганы белгилүү болгон.

Учурда кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат. Алар самолеттун кара кутусун тапканга аракеттенүүдө.

Lion Air  авиакомпаниясынын Boeing 737 Max 8  жүргүнчү учагы Джакартадан учкан соң 13 мүнөттөн кийин радардан жоголуп кеткен. Ал Индонезиянын Панкалпинанг шаарына бараткан. Ар кандай маалыматтар боюнча учакта 185 же 189 адам болгон.

Булак: РИА-Новости

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика