Каржы полициясы жалганчы ишкерди аныктады

Ош облусунда товары жок эсеп фактурасын жазып берип жүргөн адам кармалды. Салыктан качуу аркылуу мамлекетке миллиондогон сом зыян келтирген жалган ишкер бир ай мурун эле соттолгон болчу.

Экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматы билдиргендей, кармалган У.К. аттуу жаранды сентябрь айында эле соттолгон болчу. Ага жалган ишкердик жана документти жасалмалоо боюнча айып тагылган эле.

“Бирок ал ишкердик жаатындагы мыйзамсыз аракеттерин токтокон эмес. Ал Ош облусу боюнча “товар жок эсеп фактуралардын” негизги берүүчүсү болуп саналган”, – дешти мекемеден.

Тинтүү жүргүзгөндө шектүүнүн унаасынан жана жашаган жеринен документтер жана уюмдардын мөөрлөрү табылган. Ал салыктарды төлөбөгөндүктөн, мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.

Шектүү ыкчам иш-чаралар убагында  ар кандай каршылыктарды көрсөткөн.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика