Кыргызстандын айрым аймактарында жаан жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 29-откябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жайт. Күндүзү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына  4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +3 +8, күндүз +12 +17;

Таласта түнкүсүн +2 +7, күндүз +10 +15;

Баткенде түнкүсүн +5 +10, күндүз +13 +18;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 5 +10, күндүз +13 +18;

Нарын облусунда түнкүсүн -2 +3, күндүз +11 +16;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +1 +6, күндүз +11 +16 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн + 6 +8, күндүз + 15 +17 градус болот.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика