Мэрия арыздарды кабыл ала турган “Бишкек 312” тиркемесин ишке киргизди

Бишкек мэриясы шаар тургундарынын арыз-муңун кабыл ала турган  “Бишкек 312” мобилдик тиркемесин ишке киргизди.

Жарандар “PlayMarket” же  “AppStore” аркылуу  тиркемени көчүрүп алган соң  коомдук транспорт, социалдык мекемелердеги маселелер, жашылдандыруу, курулуш иштери боюнча арыздарын калтыра алышат.

Аны  активдештирүү үчүн аты-жөнүн, байланыш номерин жазып, тайпага кошулуу жетиштүү.

Буга чейин мэрияга телефон же расмий сайты аркылуу гана кайрылуу мүмкүнчүлугү  бар болгон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика