Москва-Ош-Москва багытында күн сайын уччу каттам ишке кирди

“Аэрофлот” авиакомпаниясынын Москва-Ош-Москва багытында жаңы каттамы ачылды. Алгачкы каттамдагы 123 жүргүнчүнү Ош аэропорту 28-октябрда салтанаттуу тосуп алды. Алар Чыңгыз Айтматов атындагы Boeing 737 учагы менен келишкен.

“Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, учакты салттуу түрдө суу аркасы менен тосуп алышты. Алгачкы каттамга арналган салтанатка транспорт жана жол министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев, жергиликтүү бийликтин, “Манастын” жана “Аэрофлоттун” өкүлдөрү катышты.

“Аэрофлот” Москва-Ош-Москва багытындагы каттамдарды күн сайын аткармакчы.

Ош аэропортунан кошумчалашкандай, жакынкы күндөрү Орусия жана Казакстандын бир нече шаарлары менен Ошту байланыштырган жаңы каттамдар ишке кирет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of