Ноокенде 12 жаштагы бала үйүлгөн пахтанын алдында калып жан берди

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 12 жаштагы бала үйүлгөн пахтанын алдында калып каза болду.

Жалал-Абад  ОИИБнин маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков “Кадыс Медиага” билдиргендей, кокустук 27-октябрда Сакалды деген айылда жүз берген.

“Бала кошуна үйдө үйүлгөн пахтанын жанында ойноп жаткан экен. Аны үйүлүп турган 3 тоннадай пахта басып калган. Өспүрүм тумчугуп, жан берген”, – деди Турдубеков.

Баланын ата-энеси Орусияда экени айтылууда.

Иллюстративдик сүрөт: Спутник Өзбекстан

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика