Ошто өткөн грек-рим күрөшү боюнча турнирдин чемпиондору аныкталды

27-28-октябрь күндөрү Ош шаарында Баямана Эркинбаевдин элесине арналып грек-рим күрөшү боюнча сегизинчи эл аралык мелдеш болуп өттү.

Турнирге Өзбекстан, Тажикстандын, жана Кыргызстандын 7 облусунун, ошондой эле Ош, Бишкек шаарларынын жалпы 200 спортчу катышты. Алар 10 салмак категорияда күч сынашкан. Эки күндүк мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык балбандар 8 салмакта биринчи орунду алышты. Алардын арасында 77 килограмм салмак категорияда биринчи орунду Азия чемпиону, Акжол Мухмудов багындырган.

Бардык жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

56 кг: Жасур Ортыкбаев (Ташкент шаары)
63 кг: Элдияр Сатаров (Кара-Балта шаары)
72 кг: Бекзат Маткабылов (Беркут)
82 кг: Самат Чоноралиев (Бишкек, олпиада резерви)
97 кг: Абдурашид Масюмов (Бишкек С-1 спорт клубу)
60 кг: Ахмаджан Махмудов (Бухара шаары)
67 кг: Залкар Кармышаков (Жалал-Абад облусу)
77 кг: Акжол Махмудов (Ош, олимпиада резерви)
87 кг: Абдулазиз Ашымбеков (Кара-Балта шаары)
130 кг: Ким Роман (Беркут)

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика