Оштун мэри үч эмден кабар алды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ушул жылдын 5-октябрында үч эм төрөгөн шаардын тургуну Гүлназ Батыровадан кабар алды.

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Шаар жетекчиси үч эмдин ата-энеси Эрнис Бакиров менен Гулназ Батырованы куттуктап, бөбөктөргө коляскаларды жана акчалай жардам көрсөттү. Мындан тышкары коммуналдык кызмат акыларына жардам көрсөтмөй болду.

Шаар мэри медицина кызматкерлерине үч эмдин абалын такай көзөмөлгө алып турууну тапшырды. Үч эмге Нуржан, Бекжан жана Гүлжан деген ысым берилди. Айта кетсек, Гүлназ Батырова 2 кыз, 1 уулду жарык дүйнөгө алып келип, Ош шаарында 2018-жылдын эсебинен 3 эмдин биринчи төрөлүшү болуп катталган. Алардын үч эмден тышкары 2 баласы бар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of