“Тойотаны” гашике алмаштырып жаткан адам колго түштү

Чүйдүн Аламүдүн районунда  “Тойота” унаасын гашиш маңзатына алмаштырып жаткан жеринен 21 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Окуя өткөн аптада катталган. Гашишти автоунаага алмаштыруу учурунда кармалган шектүү Жалал-Абаддын тургуну экени белгилүү болду. Ал скочтолгон баңгизатын милицияга өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Аталган факты  кылмыш иши козголгон. Экспертиза жалпы салмагы 718 граммды түзгөн зат гашиш экенин көрсөттү. Кылмышка тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын ИИМдин басма сөз кызматы кошумчалады.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика