WhatsApp кабар: окуучулар Комсомолдун 100 жылдыгында тоңуп турушат

Комсомолдун 100 жылдыгына арналып Кыргыз улуттук филамониясында өтүп жаткан иш чарада 20дай окуучу конокторду тосуп алуу үчүн коридордо тизилип турат. Жука кийинген жеткинчиктердин үшүгөнү байкалат деп айтылат “Калыс Медиага” WhatsApp`тан келген билдирүүдө. 

Буга чейин жогорку бийлик окуучулар эч бир иш чараларга тартылбайт деп айтканын эске саллды окурман.

“Биринчи кабаттан экинчиге чейин тизип коюшуптур. Турган жери – бетон, буттарында жука чешка. Келгендерге салам айтып турушат. Кичинекейлерге бооруң ооруйт”, – деп жазган колдонуучу.

Окуучуларды ар кандай коомдук иш чараларга “тирүү коридор” катары тартылышы  буга чейин чоң талкууларды жараткан. Күндүн табында  чиновниктерди ачкарын күтүп, балдар эсин жоготкон учурлар бир нече жолу жүз берген.

Мындай окуялардын акыркысы  Ош облусунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы күткөн жыйында катталган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика