Жээнбеков Түркияга кетти

Бүгүн, 29-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Түркияга иш сапары менен учуп кетти.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, президент Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркиянын негизделгенинин 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышат.

Сооронбай Жээнбеков башка мамлекет башчылары менен бирге Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун ачылыш аземине да катышат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика