Башкы прокуратура: Соцөнүгүү министрлиги жөлөкпулга делген акчаны башка максатка коротмок

Социалдык өнүгүү министрлиги жөлөкпулга делген акчаны үнөмдөп, каражатты башка максаттарга сарптоону көздөгөн. Бул депутат Аида Касымалиеванын билдирүүсү менен жүргүзүлгөн прокурордук текшерүүдө айкын болду.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, 12-октябрда Социалдык өнүгүү министрлиги 2018-жылдагы чыгышалар сметасына өзгөртүү киргизүү сунушу менен Каржы министрлигине кат жолдогон. Анда социалдык жөлөкпулдан үнөмдөлүп калган акчаны башка максатка колдонуу тууралуу айтылган.

Бирок бул мыйзамга каршы келерин башкы көзөмөл орган эске салды. Бюджет кодексине ылайык, корголгон беренелер – айлык-акы, жөлөкпулдар, стипендия сыяктуу төлөмдөрдү кыскартууга таптакыр болбойт.

Текшерүү жыйынтыгы менен прокуратура Социалдык өнүгүү министрлигине мыйзамдарды бузууга болбойт деп эскертме берди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика