Бразилияда футболчунун мүчөсүн кесип, өлтүрүп кетишти

Бразилиянын “Сан-Жозе-дус-Пиньяйс” шаарчасында жырткычтык менен өлтүрүлгөн 24 жаштагы Даниэль Фрейтастын денеси табылган. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыкты.

Полициянын берген маалыматына караганда футболчуну токойго 30 метрдей алып кирип кыйнашкан. Анын денесинин көпчүлүк жери кескиленип, мойнунда терең жараттары болгон. Ошондой эле мүчөсүн кыркып салышкан. Андан кийин атышкан. Полиция тергөө иштеринде алгачкы маалыматтар бар экенин айтып, бирок деталдарга токтолгон эмес.

Даниэль Фрейтастын контрагы “Сан-Паулу” клубуна тиешелүү болгон. Бирок жайда аны ижарга “Сан-Бенту” командасына беришкен.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика