Дубайдагы мекендештерибиз вице-премьерге салам-дубайын айтышты

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Дубай шаарында жашап жаткан мекендештер менен жолукту.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Аскаров Дубайга Жашыл экономика боюнча дүйнөлүк саммитке катышуу үчүн барган.

Жолугушууда Замирбек Аскаров мекендештердин жашоо-шарттары тууралуу маалымат алып, алардын көйгөйлүү маселелери боюнча пикир алышты.

Жолугушууда Бириккен Араб Эмираттарынын аймагында убактылуу жашап жаткан 60ка жакын мекендештерибиз катышты.

Жолугушуу менен бирге Бириккен Араб Эмираттарындагы Башкы консулдук тарабынан мекендештер үчүн жергиликтүү алдыңкы юридикалык компаниянын тажрыйбалуу адвокаттарынын катышуусунда укуктук семинар уюштурулду.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика