Көк-Жардагы өрттүн себеби айтылды

Кечээ, 29-октябрда борбор калаанын Көк-Жар кичи районундагы Куйручук көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак-үйдөн чыккан өрттүн келип чыгуу себебин ӨКМ тактады.

Аталган министрликтин маалымат кызматы таарткан билдирүүгө ылайык, тилсиз жоо электр тогунун жардамы менен ширетүү ишинде өрт коопсуздугу сакталбагандыктан улам келип чыккан.

Мунун кесепетинен үйдүн  250 чарчы метр сырткы жылууланган жасалгасы күйүп кеткен. Андан сырткары 3 кондиционер, 22 пластик терезе да күйгөн.

Куткаруучулар үйдү өрт чалган убактан баштап 70 адамды көчүрүүгө, жалынды өчүрүуп калууга үлгүргөн.

Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика