Кыргызстан-Микронезия: жаңы алака түзүлдү

0

Кыргызстан менен Микронезия Федеративдүү Штаттарынын ортосунда дипломатиялык алака түзүлдү.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиргендей, эки ѳлкѳнүн ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жѳнүндѳ Биргелешкен Коммюникеге Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Микронезиянын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Джон Фриц Токио шаарында кол коюшту.

Биргелешкен Коммюникенин текстинде Бириккен Улуттар Уюмунун жобосунун жана эл аралык укуктун принциптери менен максаттарын, атап айтканда, эл аралык тынчтык менен коопсуздукту, мамлекеттер ортосундагы теңдикти сыйлоону жана бекемдөөнү, мамлекеттин улуттук эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүн, кѳз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди жана мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөнү сактоону жетекчиликке алуу менен тараптар дипломатиялык мамилелерди түзүштү деп белгиленет.

Биргелешкен Коммюникеге кол коюу аземинен кийин тараптар мамлекеттер ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында, ошондой эле Японияда аккредиттелген элчиликтер ортосунда ѳнүктүрүүгѳ эки тараптын тең бирдей ниеттерин билдиришти.

Микронезия – Океаниядагы майда аралдар тобунда жайгашкан мамлекет. Ал 1991-жылы 17-сентябрда эгемендүүлүккө ээ болгон.

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of