Мындан ары 65 жаштан ашкан агартуу кызматкерлери мектеп директору боло албайт

Билим берүү жана илим министрлиги жаш курагы 65 жашка келген мектеп директорлорун иштен бошотот. Алар кызматтан кеткен соң, кааласа насаатчы катары иш алып барса болот.

Бул тууралуу аталган министрликтин жетекчисинин орун басары Н.Жусупбекова Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү  киргизүү маселесин талкуулап жатканда билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда мамлекеттик жана муниципиалдык билим берүү уюмдарынын 55 жетекчиси 65 жашка чыккан. Ошол эле мезгилде алар педагогикалык кызматкер катары таанылышат.

Мыйзам долбоорунун мааниси билим берүү уюмдарынын жетекчилери 65 жашка чыкканда алар менен түзүлгөн келишимди токтотуу болуп саналат.

Депутаттар эгер ал ишке ашса, акы төлөнбөгөн коомдук башталыштагы жумуш катары таанылар – таанылбасын такташты.

Талкуу жыйынтыгында Эмгек кодексине кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөрдүн концепциясы жактырылып, аны биринчи окууда кабыл алуу жагы Жогорку Кеңешке сунушталды.

Сүрөт: Knews

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика