Он күн үңкүрдө калган таиланддык балдар атактуу стадионго саякатташты. Сүрөт

Июнь айында Таиланддагы Тхам Луанг үңкүрүндө камалып, андан кийин куткарылган жаш футболчулар “Манчестер Юнайтед” клубунун чакыруусу менен “Олд Траффорд” стадионуна келишти.

Аларга атактуу стадиондо экскурсия уюштурулду. Таиланддык жаш футболчулар “Манчестер Юнайтеддин” машыгууларына күбө болушту. Андан кийин өспүрүм балдарды команда жылдыздары жылуу кабыл алып, сүрөткө түштү. Бир күндөн кийин “Эвертон” менен болгон беттешти стадиондон көрүшкөн.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 23-июнунда таиланддык “Уайлд Боарс” балдар командасы машыктыруучусу менен Тхам Луанг үңкүрүнө саякатка барышат. Катуу нөшөрдөн кийин үңкүргө суу толуп, чыга турган жол тосулуп, 11-16 жаштагы 12 бала жана машыктыруучу 7 чакырым тереңдиктеги үңкүрдө камалып калышкан. 10 күндөн кийин аларды куткарышкан.

Бүт дүйнөнүн назарын бурган окуяда “Манчестер Юнайтед” четте калбай, июль айында эле өзүнүн твиттердеги баракчасына балдарды “Олд Траффорддо” чакырышкан. Арадан төрт ай өткөндөн кийин клубдун аткаруучу директору Эд Вудворд сунушту ишке ашырды.

  • “Манчестер Юнайтед” – “Эвертон” беттеши 2:1 эсебинде аяктады.
  • Англия чемпионатында “Манчестер” 17 упай менен 8-орунда баратат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика