Ош: “хан сарайлар” борбордук жылуулук түйүнүнөн ажыратылат

Ош шаарындагы айрым менчик үйлөр борбордук жылуулук системасынан ажыратылат.

Шаардык бийликтин мындай чечим кабыл алышына калаадагы айрым жеке менчик үйлөр жылуулук системасын кошууда көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткарбагандыгы, жылуулук үчүн карызын төлөбөгөндүгү негиз болгон.

Буга дейре шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары жылуулук системалары жеткиликтүү ысыта албай турганын айтып келгендиктен, мындан ары бул кемчиликти болтурбоо үчүн жергиилктүү бийлик ушундай чечим кабыл алды.

Ош жылуулук мекемесинен ырастагандай, жеке менчик үйлөр борбордук жылуулук системасына толук кошулса, жылытуунун кубаттуулугу азаят. Бул үйлөрдү көмүр, электр энергиясы менен жылытууга альтернативдик жолу бар.

Сүрөт: Азаттык

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика