Ош облусунда дин жаатында түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Оштун Кара-Суу, Ноокат, Араван райондорунда  адам укуктары, радикализм, экстремизм жана башка маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Кампания комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешовдун жетекчилиги алдында өтүп жатат. 

ДИМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, ар кайсы жамаатарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин тутуу эркиндиги, адам укуктары, экстремизм жана радикализмди алдын алуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Мындан сырткары  жарандык интеграция, эрте никелешүүнүн  кесепеттери, балдардын ден соолугун бекемдөөдө эмдөө жүргүзүү, жарандардын радикалдашуусуна бөгөт коюу максатында дин жаатындагы актуалдуу маселелелер да козголуп жатат.

Маалыматтык-алдын алуу кампаниясына Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан сырткары милиция, эксперттер тартылган. 29-октябрда башталган иш чара 2-ноябрга чейин уланат.

Буга чейин ушундай эле түшүндүрүү иштери Ысык-Көл, Баткен, Нарын, Жалал-Абад облустарында өткөрүлгөн.

Иш чараларды ДИМК “2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын” ишке ашыруу максатында өткөрүп жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика