Ош шаардык кеңешине жаңы депутат келди

Темирбек Жунусов Ош шаардык кеңешине депутат болуп келди. Ал “Республика-Ата-Журт” фракциясынан вице-мэр кызматына кеткен Жасур Азимовдун ордун басты. 

Жаңы эл өкүлүн төрага Жапар Ормонов кесиптештерине тааныштырды.

Ош шаардык кеңешинин маалымат кызматы билдиргендей, Темирбек Жунусов 1985-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Кесиби боюнча инженер-электрик. Учурда Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында Орке айылынын айыл башчысы болуп иштейт.

Бүгүн, 30-октябрда Ош шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы башталды. Анда кышка даярдык, аймактык кеңештерди кыскартып, аймактык башкармалыктарды түзүү сыяктуу жети маселе каралып жатат.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика