Ошко эртеңден баштап жылуулук таркатыла баштайт

Эртең, 1-ноябрдан тарта Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө, бардык социалдык мекемелерге жылуулук бериле баштайт.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү буйрукка кол койду.

Электр тармактар ишканалары электр энергиясы менен камсыздоого, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын “Ошгаз” филиалы газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга милдеттендирилди.

Быйыл жылуулук былтыркыга караганда 15 күнгө эрте берилди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика