Оштун мэри: Жогорку Кеңеш кадр саясатына кийлигишпесин

Ош шаардык кеңешинин бүгүнкү сессиясында кадр маселеси талкууга алынды. Айрым эл өкүлдөрү милдетин аткара албаган жетекчилерди алмаштыруу зарылдыгын билдиришти.  

Бул суроого жооп узаткан мэр Таалайбек Сарыбашов жеке кызыкчылык үчүн кадр маселесин ар кандай калчай берүүгө болбой турганын айтты.

«Бул маселени карап чыгалы. Бирок сиздерде жеке кызыкчылык болсо, анда маселени мындай жол менен чечүүгө болбойт. Мен бул кызматка жакында эле дайындалдым, ким кандай иштеп жатканын билишим керек. Чынында иштебеген жетекчилер кызматынан бошотулуп, иштегендер гана кызмат кылат”, – деди Сарыбашев. 

Мэр: “Оштогу кадр саясатына Жогорку Кеңештин депутаттары кирише бербесин, айтып койгула”, – деп сөзүн жыйынтыктады

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика