Пакистандын президенти Жээнбековго кандай убада берди

Күн мурун Түркиянын 95 жылдыгына арналган салтанатка катышкан президент Сооронбай  Жээнбеков Стамбулда Пакистандын президенти Ариф Алви менен жолугушту.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы бардык тармактагы кызматташтыкты өркүндөтүү талкууланды. Жээнбеков кесиптеши Ариф Алвини келерки жылы ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммитине карата  Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Мындан тышкары, Пакистанда кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, анын ичинде Кыргызстандын жараны А. Айылчиеванын жашы жете элек уулун кайтарып берүү тууралуу кайрылуусу жөнүндө маселелер козголду.

Пакистан президенти Ариф Алви Кыргызстандын жаранынын кайрылуусун жеке көзөмөлүнө ала турганын жана Пакистандын территориясында чет өлкөлүк жарандардын укуктарынын бузулушуна жол бербестигин белгиледи.

Мекенине кайтып келери менен Ариф Алви Пакистан ички иштер министрлигинин башчысын чакырып, ага тийиштүү тапшырмаларды берерин убада кылды.

Өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү максатында Пакистан лидери Бишкек-Исламабад түз авиакаттамын ачууну жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана талкуулоо үчүн  бизнес өкүлдөрүнүн өз ара визиттерин уюштурууну сунуш кылды.

Өз кезегинде Ариф Алви да Жээнбековду Пакистанга визит менен келүүгө чакырды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика