“РусГидро” Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча Гаага сотуна кайрылды

Жогору Нарын ГЭСтер каскадынын курулушун каржылоо айланасындагы чыр соттон чечилмей болду. Орусиялык «Русгидро» компаниясы Гаагадагы сотко кайрылды. Ишкана долбоорго салган 37 млн долларын кайтаруу үчүн активин сатыкка да чыгарган. 

“РусГидронун” директорлор кеңеши компаниянын 50%дык үлүшү бар “Жогорку Нарын ГЭС” ЖАКты профилдик эмес активдердин катарына кошуп, үлүшүн сатыкка койду.

“Бирок активди сатып алууга кардар табыла элек. А Кыргызстан болсо каражат таба албасы айкын”, – дешкен “Коммерсантъ`тын” булактары.

Москва менен Бишкек Жогорку-Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча өкмөт аралык келишимге 2012-жылы сентябрда кол койгон. Жалпы баасы 24 млрд рубль болгон Акбулун жана үч Нарын ГЭСин “Русгидро” менен “Электр станциялары” курмак. Каржылоону Орусия 50% бюджеттик төлөм, 50% жеңилдетилген насыя түрүндө мойнуна алган.

2016-жылы Кыргызстан  экономикалык каатчылыктан улам Орусия чечимдерди кабыл албай жатат деп өкмөт аралык келишимди жокко чыгарганын билдирген. Чынында эле РФ мурда келишилген шартта каражат тарта алмак эмес, долбоор кечиктирилиши мүмкүн экенин да моюндаган. Ошол кезде Кыргызстан жаңы инвестор тапса, орус тарап салган 37 млн долларды кайтаруу ниетин билдирген.

2017-жылдын жайында Кыргызстан жаңы инвестор тапканын жарыялап, Чехиянын Liglass Trading CZ  компаниясы менен  $500 млн келишимге кол койгонун билдирген. Чехтер “Русгидронун” үлүшүн сатып алып, орустарга 37 млн долларды бир ай ичинде кайтарары айтылган. Бирок октябрь айында Кыргызстан Liglass Trading менен келишимди жокко чыгарган.

“Русгидро” Кыргызстан бийлиги инвестицияны кайтарыш керек деген талап менен Гаагага доо арыз жазды. Бирок соттук угуулар баштала элек.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика