Самара Каримова кызматка дайындалды

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ныязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу “Калыс Медиага” Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Өткөн жылы Каримова Сулайман-Тоо музейине директор болуп дайындалган. Бирок коомдогу чоң талкуудан кийин кызматтан баш  тарткан.

Ал Ош шаарындагы “Кыргызстан” кинотеатрын узак мөөнөткө ижарага алып, аны да жетектеп келет.

27 жаштагы ырчы, актриса Самара Каримова КРнын эмгек сиңирген артисти наамын алууга жетишкен.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика