80 миң жана 5 миң сом. Көтөрүлгөн пенсияны ким канчалык сезди?

Депутат Айнуру Алтыбаева акыркы жогорулатууларга ылайык кимдин пенсиясы канча сомго көбөйгөнүнө кызыкты. 

“Айылда 5400 сом алган эженин, анан 80 миң сом алган башка бир жарандын пенсиясы канча сомго көтөрүлдү?” – деп суроо салды депутат. 

Социалдык фонддун өкүлүнүн айтымында, 80 миң сом пенсия алгандарга 2000 сом, ал эми 5 миң сомдун айланасында пенсия алгандарга 300 сомдун тегерегинде акча кошулган.

Мындай эсептөө адилетсиз экенин Айнуру Алтыбаева сынга алды.

“Пенсияны жогорулатып жатканда пропорционалдуу эсеп жүргүзбөйсүздөрбү!?” – деп нааразылыгын билдирди депутат. 

  • 1-октябрдан тарта орточо пенсиянын өлчөмү 378 сомго көбөйүп, 5682 сомду түзгөн.  Учурда 648 миң пенсионер бар.
  • Пенсиянын эң азы 1000 сомдун терегинде, эң көбү 100 миң сомдон ашат.

Сүрөт: Спутник

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика