Аба ырайы: күн сууйт

Бүгүнтөн баштап 5-ноябрга чейин аба ырайы кескин төмөндөп, жаан карга айланышы күтүлүүдө.

Бул тууралуу Өгзөчө кырдаалдар минитсрлигинин маалымат кызматынан маалымдады.

1-3-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° суук…+2° жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 9…14° жылуу болот.

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°,  күндүз 0…-5° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, үзүлүү коркунучу сакталат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика