Азия өнүктүрүү банкы альтернативдик жолго каражат берет

Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун бүтө элек бөлүгү үчүн насыя берет.

Транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев билдиргендей, Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу – 430 чакырым. Альтернативдик жолдун Балыкчы шаарынан Бишкек-Торугарт багытындагы Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүндөгү 68 чакырым жолду каржылоо үчүн банк 68,5 млн доллар насыя, 9,5 млн. доллар грант берүүгө даяр.

Насыяны жабуу мөөнөтү – 32 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү – 8 жыл. Ошону менен бирге, кыргыз тарап 12 млн 750 миӊ доллар кошумча каражат кошууга тийиш.

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун жалпы узундугу – 430 чакырым. Жолду куруу иши 2014-жылы башталган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of