Бишкекте 30 миң адам иштей турган индустриалдык парк ачылат. Видео

Бишкек шаарында Кыргыз, Кытай, Түркия ишканалары биргеликте ишке ашырып жаткан жалпы аянты 70 гектарды түзгөн индустриалдык парк салынат. Бүгүн анын курулушуна старт берилди. Капсула салуу аземине өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев өзү катышты.

Долбоорду өкмөттүн текстил жана тигүү өндүрүшүн колдоо программасынын алкагында Кыргызстандын “ALPHA CARGO”, Гонконгдун “Opal mining Go/.Ltd”, Кытайдын “YbHD logistic Group” жана Түркиянын “Sapphire Art Stone” компаниялары биргиликте ишке ашырат.

«Silk Way» Индустриалдык паркы» ЖЧК башкы директору Адилет Кубанычбеков Өкмөт башчыга маалымдагандай, парктын аймагында тигүү, текстилдик жана бут кийим продукциясын өндүрүү боюнча 112 профилдик фабриканын курулушу пландаштырылууда.

Silkway индустриалдык паркы “Манас” аэропортуна бара жаткан жолдун кесилишине салынат. Парк функционалдык багыты боюнча 6 секторго бөлүнөт. Булар: административдик имараттар, бажы логистикалык терминалы, оор жүк техникаларын тейлөө борбору, өндүрүш жана ишчилердин жашоо аймагы, парк жана инженер-техникалык сектору. Өндүрүү аймагынын жалпы аянты 216 000 метр квадратты түзөт.

Мында жалпы 30 миң адам эмгектенери күтүлүүдө. Алар үчүн бардык шарт каралган: жатакана, бала-бакча, оорукана, спорт аянтчалары. Мындан сырткары тигүүчүлөрдү окутуу борбору да бар. Өндүрүлгөн товар индустриалдык парктын административдик-көргөзмө борборуна чыгат. Андан ары товар экспорттолмокчу.

Парктын Казакстандын чек арасына жакын жайгашканы  экспортко  ыңгайлуу. Бажы логистикалык борбору 24 саат иш алып барат жана бир мезгилде 40 оор жүк ташуучу унааны өткөрө алат.

«Мында экспорттук потенциалды жогорулатуу үчүн бардык шарттар түзүлөт. Индустриалдык-логистикалык борбор атамекендик продукцияны дүйнөлүк деңгээлге алып чыгууга өбөлгө болооруна ишенем», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, жалпысынан индустриалдык-логистикалык парктын курулушуна 200 млн АКШ доллары багытталат. Курулуш иштери 2020-жылы бүтөрү пландалган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика