Энеси чачындагы битти кетирем деп кызын өлтүрүп алды

Казакстандын Алматы облусунун Туганбай айылында энеси 2 жашар кызынын башындагы битти кетирем деп аягы кайгылуу өлүм менен аяктады. Бул тууралуу Қазақпарат жазды.

Энеси 2 кызынын башындагы битти кетирүү үчүн “Неоцидол” дарысын колдонгон. Аны сууга ээритип, кыздарынын чачына сыйпаган. Бул дары кичүү кызына терс таасирин тийгизгендиктен кусуп, алсырап оозунан көбүк агып калган. Энеси жергиликтүү ооруканага алып баргычакты кызы жолдон чарчап калган.

Ал эми 5 жаштагы кызынын ден соолугу учурда жакшырып калды. Дарыгерлер билдиришкендей, “Неоцидол” дарысы малдагы кене, биттерди өлтүрүү үчүн колдонулат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика