Каржы полициясы миллион сомдук аткезчилик жүктү кармады

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) Жалал-Абад облусундагы райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажы төлөмдөрүн төлөбөй аткезчилик жол менен ташылып бараткан жүк кармалды.

Кызматтын маалымат бөлүмү билдиргендей, ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзгөн учурда  “XLER6X” жүк тенти бар “SCANIA R420” маркасындагы жүк ташуучу автоунаа кармалган.

ЭККМК тарабынан бул факты тергелип, натыйжада мамлекеттик бюджетке 1 миллон 133 255 сом суммадагы зыян аталган жүк ташуучу унаанын ээси тарабынан толугу менен кайтарылып алынды.

Азыркы убакта Кызмат ушундай фактыларды аныктоого багытталган текшерүү иш-чараларын өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүп жатат.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика