Катарлыктар өз алдынча баса албагандарга 142 даана коляска белекке берди

“Катар” кайрымдуулук фонду Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн 142 даана коляска берди.

Аталган министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, коляска жардам иретинде берилген.

Министр Улукбек Кочкоров  жардам үчүн  “Катар Черити” уюмуна ыраазычылык билдирип, коляскалар Ош жана Жалал-Абад облустарында жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тапшырыларын билдирди.

Буга чейин да министрлик тарабынан 100 коляска Бишкек шаарындагы, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы өз алдынча баса албаган жарандарга берилген.

Катар мамлекетинин өкүлү уюм Кыргыз өлкөсү менен мындан ары да кызматташа турганын айтып, алдыда ФАП, мектеп, оорукана жана башка социалдык объектилерди куруу пландары бар экенин белгиледи.

Расмий маалымат боюнча өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 170 миңден ашуун жаран бар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика