КСДП дагы бир депутатты партиядан чыгарды

Кыргызстан социал-демократтар партиясы Иса Өмүркуловду партиядан чыгарды.

Чечим бүгүн, 31-октябрда партиянын саясий кеңеши тарабынан кабыл алынганын КСДПнын катчылыгы билдирди.

Ага жүйө катары депутат Иса Өмүркулов партиянын максаттарына жана жобосуна каршы иштерди жасаганы айтылат.

Ошондой эле Өмүркуловду КСДП фракциясынын лидерлигинен чакыртып алуу сунушу ЖКга, фракция депутаттарына жиберилген.

Буга чейин КСДП катарынан депутат Жанар Акаевди да чыгарган.

Ушул эле жыйында ЖК депутаты Ирина Карамушкина КСДП партиясынын төрагасынын орун басары болду.

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика