“Кыргызстандын сулуусу-2018” сынагы өтөт

0

Ушул жылдын 14-ноябрында сулуулар сынагы болот. Бул тууралуу сынактын уюштуруучусу Карина Джаныбекова “Калыс Медиага” билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги “Ак Сарай” ресторанында 14-ноябрь күнү саат 18:00дө “Кыргызстандын сулуусу -2018” официалдуу сулуулук сынагы өтөт. Сынактын катышуучулары акысыз катышууда, алардын чыгымын демөөрчүлөр жана өнөктөштөр төлөп жатышат.

“Иш-чаранын башталышында катышуучулар кыргыз эстрадасынын жылдыздары жана сыйлуу коноктор менен биргеликте кызыл килемден өтүшөт. «Мисс Кыргызстан-2017» сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова бул сынакта татыктуу жеңген кызга таажысын өткөрүп берет. Биринчи орунду алган кыз “Дүйнө сулуусу” сынагына катышууга жолдомо алат. Калган бардык катышуучуларга баалуу белектер берилет. Сынак ачык-айкын өтөт, бааны көз-карандысыз калыстар тобу коет”,-деди ал.

Эске салсак, өткөн жылы “Кыргызстан сулуусу-2017” титулун 19 жаштагы Бегимай Карыбекова жеңип алып, дүйнө сулуусу сынагына катышууга жолдомо алган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of