Орусиялык аял алтынчы перзентин супермаркетте төрөдү. Видео

Орусиянын Омск облусундагы супермаркетте азык-түлүк сатып алууга келген кош бойлуу аял көз жарды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

Аял кассада турган кезде толгоосу башталган. Аны байкаган супермаркеттин кызматкерлери тез жардам кызматына кабар беришкен.

“Аял бизден жардам сураган жок. Жай гана төрөрүн айтты. Биз ошол учурда тез жардам кызматын чакырууга шаштык”,-деп билдирди дүкөндүн башчысы Анна Цыбульская.

Супермаркетте жарык дүйнөгө келген ымыркайдын салмагы – 3,6 кг. Анын ысымын Иван деп коюшкан. Бул энесинин алтынчы перзенти. Учурда эне менен баланын абалы жакшы.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика