Ош: “Анкара” атын жамынган кондитердик цех жабылды

Ош шаарындагы санитардык абалы талапка жооп бербеген торт чыгаруучу цех жабылат.

Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Азамат Абсатаров билдиргендей, аталган жайды санитардык-эпидемиологиялык кызматтын жетекчилиги текшергенден кийин ушундай чечим кабыл алынган.

СЭС жетекчилиги текшерип барганда интернетте тараган сүрөттөгүдөй көрүнүшкө күбө болгон эмес. Цехтин жетекчилиги андагы абалды оңдоого аракет кылып, кампа болгондой таасир калтыра тургандай кылып жайгарган.

Бул жай шаардагы “Анкара” кондитердик фирмасы эмес экендиги, ал жер көмүскө иштеп келгени белгилүү болгон. Ээси ким экени белгисиз.

Эскерте кетсек, буга чейин Эрмек Муратбек уулу санитардык абалы өтө начар жайды сүрөткө тартып, бул жер “Анкара” кондитердик фирмасы деп социалдык тармакка жарыялаган болчу.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика