ОшМУнун студенти математика боюнча дүйнөлүк олимпиададан коло утту

Өзбекстан Республикасынын Ургенч шаарында өткөн математика боюнча Мухаммад аль-Хорезми атындагы Биринчи дүйнөлүк олимпиадада ОшМУнун студенти коло медалга ээ болду. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди. 

Олимпиадага Кыргызстандын атынан Ош мамлекеттик университетинин 4 студенти катышкан. Жыйынтыгында математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Мээрим Ирисмаматова 3-орунга ээ болуп коло медалды утуп алды.

Ошондой эле мисалдарды  чыгаруу боюнча мыктылыгын көрсөткөндүгү үчүн ОшМУнун профессору  Дилмурат Турсунов уюштуруучулардын “Эн мыкты калыс” деген диплому менен сыйланды.

Биринчи дүйнөлүк олимпиадага  20дан ашык өлкөнүн 56 жогорку окуу жайынан 244 студент катышышты. Дүйнөлүк олимпиада англис тилинде жүргүзүлдү.

Бул олимпиада 2 жылда бир жолу улуу математик Мухаммад аль-Хорезминин туулган жери Хорезм облусунда өткөрүлүп турмай болду.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of